Google Play кызматынын тейлөө шарттары

15-март, 2023-жыл (Архивделген версияны көрүү)

1. Киришүү

Тийиштүү шарттар. Google Play'ди колдонгонуңуз үчүн чоң рахмат! Google Play кызматы 1600 Amphitheatre Parkway, Mountain View California 94043, USA дареги боюнча жайгашкан Google компаниясына таандык (мындан ары "Google" же "биз"). Google Play жана башка колдонмолор (анын ичинде Android'дин ыкчам ачылуучу колдонмолору), системалык кызматтар, оюндар, тасмалар, китептер, журналдар жана башка санариптик материалдар менен кызматтар (мындан ары “Google Play’деги нерселер” же "Кызматтагы нерселер”), жалпы жонунан "Шарттар" деп аталган ушул шарттарга жана Google'дун Тейлөө шарттарына (мындан ары "Google’дун ТШ") ылайык колдонулушу керек. Google'дун Тейлөө шарттарында айтылгандай, Google Play – "Кызмат". Эгер Google Play'дин Тейлөө шарттары (мындан ары "Play’дин ТШ") менен Google'дун Тейлөө шарттарынын ортосунда карама-каршылыктар чыкса, Play'дин ТШ артыкчылык берилет.

2. Google Play'ди колдонуу

Кызматтагы нерселерди колдонуу. Кызматтагы нерселерди издөө, көрүү, көрсөтүү же телефонуңузга, планшетиңизге, компьютериңизге, сыналгыга, саатка же башка колдоого алынган түзмөккө (мындан ары "Түзмөк") Google Play аркылуу жүктөп алсаңыз болот. Google Play'ди колдонуу үчүн Интернет байланышы жана тийиштүү программа керек. Google Play кызматындагы айрым нерселер жана функциялар кээ бир өлкөлөрдө жеткиликсиз болушу мүмкүн. Кызматтагы айрым нерселерди үй-бүлөңүздүн мүчөлөрү менен бөлүшө аласыз. Аларды Google компаниясы же Google'га тиешеси жок үчүнчү тараптар камсыздашы мүмкүн. Google компаниясы башка иштеп чыгуучулардын Google Play'де жайгаштырган нерселерине жооптуу эмес жана алардын таламын талашпайт.

Курактык чектөөлөр. Google Play'ди колдонуу үчүн төмөнкү курактык чектөөлөргө жооп берген Google аккаунтуңуз (мындан ары "Google аккаунту") болушу керек. Эгер сиз жашаган өлкөнүн мыйзамына ылайык эрезеге жете элек болсоңуз, Google Play'ди колдонуу жана Тейлөө шарттарын кабыл алуу үчүн ата-энеңиздин же мыйзамдуу камкорчуңуздун уруксаты талап кылынат. Мындан тышкары, Google Play'деги айрым нерселерге же функцияларга кошумча курактык чектөөлөр коюлушу мүмкүн. Үй-бүлөлүк топтун башчылары менен үй-бүлө мүчөлөрү да бул кошумча талаптарга жооп бериши керек.

Үчүнчү тараптардын төлөмдөрү. Google Play'деги нерсени көрүп, колдонуу үчүн үчүнчү тарапка төлөнүүчү акыны (Интернет провайдери же байланыш оператору) өзүңүз төлөйсүз.

Жаңыртуулар. Мүчүлүштүктөрдү оңдоо, функцияларды өркүндөтүү, талап кылынган плагиндерди жана жаңы версияларды (мындан ары жалпысынан "Жаңыртуулар") орнотуу үчүн Google Play’ге, андагы колдоого алынган медиатекаларга же Google Play’деги нерселерге жаңыртуулар талап кылынышы мүмкүн. Мындай жаңыртуулар Google Play'ди колдонуу же Кызматтагы нерселерди көрүү, жүктөп алуу же колдонуу үчүн керек. Ушул Тейлөө шарттарын кабыл алып, Google Play'ди колдонуу менен, ушундай Жаңыртуулардын автоматтык түрдө орнотулушуна макулдугуңузду билдиресиз. Google Play'дин параметрлерине өтүп, белгилүү бир нерселерге арналган Жаңыртууларды башкара аласыз. Коопсуздук системасын начарлаткан мүчүлүштүктү жана анын ишиндеги олуттуу катаны жоюп, кыянат пайдаланууга жол бербей турган болсо, Google Play’деги жана Түзмөгүңүздөгү параметрлерге карабастан Кызматтагы нерселерди жаңыртабыз. Эгер башка колдонмолор дүкөнү Google Play'ден жүктөлүп алынган нерсени жаңыртууга аракет кылса, сизге кабар беребиз же мындай аракеттин алдын алабыз.

Жеке маалымат. Google Play'ди колдонууда жеке маалыматыңыз кандайча корголуп, купуялыгы кандайча камсыз кылына тургандыгы Google'дун Купуялык саясатында берилген. Google аты-жөнүңүз жана электрондук почтаңыздын дареги сыяктуу жеке маалыматты транзакцияларды иштетүү же Кызматтагы нерселерди камсыздоо максатында Провайдерлерге бериши мүмкүн. Провайдерлер бул маалыматты өзүлөрүнүн купуялык саясатына ылайык пайдаланышат.

Google Play'деги үй-бүлөлүк топтун мүчөлөрү бири-бири жөнүндө белгилүү бир маалыматты көрүп турушат. Мисалы, Google Play'деги үй-бүлөлүк топтун башчысы үй-бүлөлүк топко чакырган үй-бүлө мүчөлөрү анын аты-жөнүн, сүрөтүн жана электрондук почтасынын дарегин көрө алышат. Эгер үй-бүлөлүк топко үй-бүлө мүчөсү катары кошулсаңыз, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө аты-жөнүңүз, сүрөтүңүз жана электрондук почтаңыздын дареги көрүнөт. Ал эми үй-бүлөлүк тобуңуздун башчысы курагыңызды, ошондой эле үй-бүлөнүн төлөм ыкмасы аркылуу сатып алган нерселериңиздин тизмесин, Кызматтагы нерселердин учкай маалымат көрө алат. Эгер Кызматтагы нерселерди үй-бүлөлүк топ менен бөлүшсөңүз, анда үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү аларды колдонуп, аны сиз сатып алганыңызды көрүшөт.

Аккаунттарга уруксатсыз кирүү. Аккаунтуңуздун чоо-жайын коопсуз жерде сактап, эч ким менен бөлүшпөңүз. Google Play'деги же башка Google кызматтарындагы бир да колдонуучунун жеке маалыматын, анын ичинде аккаунттарынын аталыштарын чогултуп, Google Play'де сактоого болбойт.

Өчүрүлгөн аккаунттар. Эгер Google компаниясы Тейлөө шарттарына ылайык (мисалы, эгер аларды бузсаңыз) аккаунтуңузду бөгөттөп салса, Google Play'ге, аккаунтуңуздун чоо-жайына, файлдарга же анда сакталган башка нерселерге кире албай калышыңыз мүмкүн. Кененирээк маалымат алуу үчүн Жардам борборун караңыз. Эгер Google үй-бүлөлүк топтун башчысынын аккаунтун бөгөттөп салса, үй-бүлө мүчөлөрү үй-бүлөнүн төлөм ыкмасы, үй-бүлөлүк жазылуулар же үй-бүлөнүн мүчөлөрү бөлүшкөн нерселер сыяктуу функцияларды пайдалана албай калышат. Эгер Google үй-бүлөлүк топтун мүчөсүнүн аккаунтун бөгөттөсө, анда үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү ал бөлүшкөн Кызматтагы нерселерди көрө албай калышат.

Кесепеттүү программалардан коргоо. Үчүнчү тараптын кесепеттүү программасынан, алдамчы сайттардан жана башка коркунучтардан коргоо максатында, Google Түзмөгүңүздөгү Интернет байланышы, кооптуу сайттар, операциялык тутум жана Google Play'ден же башка булактардан орнотулган колдонмолор жөнүндө маалыматты алып турушу мүмкүн. Эгер кандайдыр бир колдонмо же сайт шектүү болуп көрүнсө, сизге кабар беребиз. Ошондой эле, кандайдыр бир колдонмо түзмөгүңүзгө, андагы нерселерге же колдонуучуларга коркунуч туудурса, аны бөгөттөп же өчүрүп салышыбыз мүмкүн. Түзмөгүңүздүн параметрлеринде коргоо функцияларынын айрымдарын өчүрүп салсаңыз да, Google Play'ден орнотулган колдонмолор жөнүндө маалымат Google’га жөнөтүлүп турат. Ошол эле маалда, Түзмөгүңүзгө башка булактардан алынып орнотулган колдонмолордун коопсуздугу текшерилип, бирок Google'га эч кандай маалымат берилбейт.

Android'дин ыкчам ачылуучу колдонмолору. Түзмөгүңүздөгү шилтемени чыкылдатканда, Google Play ал ыкчам ачылуучу колдонмо бар экенин текшерип, ыкчам ачылуучу колдонмонун ичинде ачат. Ыкчам ачылуучу колдонмонун иштеши үчүн керектелген код Түзмөгүңүзгө жүктөлүп алынып, анда убактылуу сакталат. Ыкчам ачылуучу колдонмонун чоо-жайы Google Play Store'до жеткиликтүү. Android'дин ыкчам ачылуучу колдонмолорундагы нерселер менен параметрлер Google аккаунтуңузга кирген түзмөктөрдө шайкештирилет. Түзмөгүңүздүн параметрлерине өтүп, Android'дин ыкчам ачылуучу колдонмолорун өчүрүп койсоңуз болот.

Шарттарга өзгөртүүлөрдү киргизүү. Эгер Play ТШ өзгөрсө, ал тууралуу сизге кеминде 30 күн мурун кабар берилип, жаңы Play ТШ бул мөөнөт аяктагандан кийин гана күчүнө кирет. Кабарда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин, Google Play'ди колдонууну улантканыңыз - Play ТШны кабыл алганыңызды билдирет. Жаңы Play ТШ сиз колдонуп жаткан бардык Google Play’деги нерселерге (анын ичинде мурда орнотуп же сатып алган нерселер) жана мындан ары Google Play’ден сатып же орнотуп ала турган нерселерге тиешелүү. Эгер мындай өзгөрүүлөргө макул болбосоңуз, Google Play’ден буга чейин сатып же орнотуп алган нерселерди жүктөп алып, Google Play'ди колдонууну токтотсоңуз болот. Google Play’дин ал нерселеринин көчүрмөсүн Түзмөктөрүңүздө кабыл алынган Play ТШнын акыркы версиясына ылайык көрө бересиз.

3. Сатып алуулар жана төлөмдөр

Акысыз Нерселер. Google Play'деги нерселерди акысыз жүктөп алып, көрсөңүз же колдонсоңуз болот. Google Play’деги белгилүү бир акысыз нерселерге кошумча чектөөлөр коюлушу мүмкүн.

Google Play’деги Нерселерди сатып алуу. Google Play'де же ал аркылуу кандайдыр бир нерселерди сатып алганда, ушул Шарттарга ылайык төмөнкүлөр менен өзүнчө соода-сатык келишимин түзөсүз (зарылчылыкка жараша):

(а) Google Commerce Limited компаниясы; же

(б) Ошол нерсени камсыз кылган провайдер менен (мындан ары "Провайдер"), (ошондой эле Google Commerce Limited Провайдердин агенти катары иш алып барганда да).

Соода-сатык келишими ушул Шарттарга кошумчаланат.

Google компаниясы Провайдердин агенти катары иш алып барганда, Google'дун Тейлөө шарттарында айтылган "үчүнчү тараптардын укуктарын жөнгө салбайт" деген жобо жараксыз деп табылат.

Google Play’деги нерсени сатып алуу жана колдонуу келишими Google'дан кандайдыр бир нерсени сатып алганыңызды ырастаган электрондук катты алганыңызда күчүнө кирип, ошол нерсе сатылып алынгандан кийин, келишимдин шарттары күчүнө кирет.

Алдын ала буйрутма берүү. Кандайдыр бир нерсеге алдын ала буйрутма берилгенде, ал нерсе сизге жеткиликтүү болгондо гана, сатып алуу жана колдонуу келишими күчүнө кирип, анын акысын ошондо төлөйсүз. Ал нерсе сизге жеткиликтүү болгонго чейин, алдын ала берилген буйрутмаңыздан каалаган убакта баш тарта аласыз. Эгер ал нерсе сизге жеткиликтүү болгонго чейин Google Play'ден алынып салынса же буйрутма аткарылганга чейин ал нерсенин баасы өзгөрүп кетсе, алдын ала берилген буйрутмаңызды жокко чыгарууга укугубуз бар.

Үй-бүлөнүн төлөм ыкмасы. Google Play'деги үй-бүлөлүк топтун башчысы үй-бүлө мүчөлөрүнө Кызматтагы нерсени Google Play’де жана колдонмолор аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн жарактуу үй-бүлөнүн төлөм ыкмасын кошушу керек. Үй-бүлөнүн төлөм ыкмасы менен сатылып алынган бардык нерселерге өзүңүз жооптуу болосуз. Эгер үй-бүлөлүк топ жоюлса же үй-бүлө мүчөсү топтон чыгып кетсе, үй-бүлөнүн төлөм ыкмасы аркылуу аягына чыкпай калган сатылып алына турган нерселердин акысы үй-бүлөлүк топтун башчысынан алынат.

Google Payments. Google Play'деги нерсени сатып алуу үчүн Google Payments аккаунтуңуз болуп, Google Payments'тин Тейлөө шарттарын кабыл алышыңыз керек. Google Payments Купуялык эскертүүсү Google Payments аккаунту аркылуу сатып алган бардык нерселерге колдонулат. Google Payments аккаунтуңуз менен Google Play'де сатылып алынган нерселердин акысын өзүңүз төлөйсүз.

Башка төлөм ыкмалары. Google Payments’тен тышкары, Google Play'деги нерсени башка төлөм ыкмалары менен да сатып алсаңыз болот. Тандалган төлөм ыкмасына карата колдонулган Google компаниясынын же үчүнчү тараптын тейлөө шарттарын же башка юридикалык келишимдин шарттарын аткарууга милдеттүүсүз. Google компаниясы төлөм ыкмаларын өзү каалагандай кошуп же алып сала алат. Google Play'де сатылып алынган нерселердин кошумча чыгымдарын өзүңүз төлөйсүз.

Байланыш оператору аркылуу эсептешүү. Түзмөгүңүздө Google Play аккаунту орнотулган болсо, байланыш операторуңузга абоненттин идентификатору жана SIM картасынын сериялык номери сыяктуу маалыматты жөнөтөбүз. Ушуну менен, Түзмөгүңүз аркылуу сатылып алынып жаткан нерсенин акысын байланыш операторундагы эсебиңизден алууга боло тургандыгын аныктайбыз. Ушул төлөм ыкмасын пайдаланууга уруксат берүү үчүн байланыш операторунун тейлөө шарттарын кабыл алышыңыз керек. Байланыш оператору Google компаниясына сиздин эсептешүү дарегиңизди жөнөтөт. Бул маалымат Google'дун Купуялык саясаттарына жана Google Payments'тин Купуялык эскертүүсүнө ылайык сакталып, колдонулат.

Баалар. Google Play'деги нерсени сатып алганга чейин, анын баасы өзгөрүп же калбай калышы мүмкүн.

Салыктар."Салыктарга" Кызматтагы нерсени сатууга байланыштуу бардык алымдар, бажы төлөмдөрү жана салыктар (киреше салыгынан тышкары), ошондой эле айып пулдар же пайыздар кирет. Салыктарды төлөө сиздин жоопкерчилигиңиз жана Кызматтагы нерсени сатып алууда бир да Салыктан бошотулбайсыз. Эгер Салыктарды чогултуу же төлөө Кызматтагы нерсени сатуучуга же Google'га милдеттендирилсе, ал Салыктар сизден өндүрүлүп алынат. Учурдагы салык мыйзамдарынын бардык талаптарына жооп берип, Google Play'ди колдонууга же ал аркылуу Кызматтагы нерсени сатып алууга байланыштуу Салыктардын баарын төлөп, отчет берүүгө милдеттүүсүз. Салык мыйзамдарын бузгандыгыңыз үчүн өзүңүз жооп бересиз.

Төлөнгөн каражаттарды кайтарып берүү саясаты. Төлөмдөрдү кайтарып берүү, жокко чыгаруу жана ордун толтуруу тууралуу кененирээк маалыматты Google Play'дин Төлөмдөрдү кайтаруу саясатында биле аласыз. Google ТШда, Google Play'дин Төлөм кайтаруу саясатында же Провайдердин төлөм кайтаруу саясаттарында башкача айтылбаса, сатылып алынган нерсе артка кайтарылбайт же алмаштырылбайт жана төлөнгөн акча кайтарылып берилбейт. Эгер сатылып алынган нерсени кайтарууга, алмаштырууга же төлөмүн кайтарып берүүгө уруксат берилсе, транзакция артка кайтарылып, ал боюнча сатылып алынган нерсе жеткиликсиз болуп калат.

Жазылуулар. Жазылуулардын акысы жумасына, айына, жылына бир жолу же башка мезгил аралыгында автоматтык түрдө алынып турат. Төлөм ар бир эсептешүү мезгилине 24 саат калганга чейин өндүрүлүп алынат.

(а) Сынамык мезгилдер. Кандайдыр бир нерсеге акы төлөп жазылганыңызда, аны белгилүү бир мезгил ичинде акысыз пайдалана аласыз. Ал сынамык мезгил бүткөндөн кийин, жазылууңуз жокко чыгарылмайынча, сизден төлөм өндүрүлүп турат. Акы төлөгүңүз келбесе, сынамык мезгили аяктагандан кийин жазылуудан баш тартыңыз. Жазылуудан баш тарткандан кийин, Провайдердин шарттарында башкача көрсөтүлбөсө, Кызматтагы нерсени жана функцияларды пайдалана албай каласыз. Мындай сынамык мезгилдерге кызматты бир гана колдонуучу пайдалана алат деген сыяктуу чектөөлөр коюлушу мүмкүн.

(б) Жазылуудан баш тартуу. Жазылууну Жардам борборунда көрсөтүлгөндөй, кийинки эсептешүү мезгили башталганга чейин токтотсоңуз болот. Өзгөрүүлөр кийинки эсептешүү мезгилинде күчүнө кирет. Мисалы, бир айлык жазылууну токтотсоңуз, ал ошол учурдагы эсеп коюу мерчимиңиздин аягында күчүнө кирет. Google Play'дин төлөм кайтаруу саясатында башкача айтылбаса (мисалы, сатып алган нерсе бузук болсо), учурдагы эсептешүү мезгили үчүн төлөнгөн каражат кайтарылбайт.

(в) Басылмаларга жазылган колдонуучулар үчүн жеңилдиктер. Кызматтагы нерсенин кагазга басылып чыккан версиясына жазылгандар Google Play’деги нерсеге арзандатылган баа менен жазылышат. Эгер басылмага жазылуудан баш тартсаңыз же жазылуунун мөөнөтүн узартпасаңыз, ал нерсенин Google Play'деги арзандатылган баасы автоматтык түрдө жокко чыгарылат.

(г) Баалардын көтөрүлүшү. Кызматка жазылып жатканда, ошол учурдагы акыны төлөйсүз. Эгер жазылуунун баасы кийинчерээк өсүп кетсе, Google сизге кабар берет. Баанын кымбатташы, төлөм мезгили келип жеткенге чейин сизге 10 күн мурун кабар берилгенде гана, кийинки төлөм мезгилинде күчүнө кирет. Ал эми кабарды 10 күнгө жетпеген убакытта алган болсоңуз, баалар кийинки төлөм мезгили келип жеткиче кымбаттабайт. Эгер жаңы баа жакпаса, ушул Шарттардын “Жазылуудан баш тартуу” бөлүмүндө көрсөтүлгөндөй, учурдагы эсептешүү мезгили аяктаганга чейин бизге алдын ала кабарлап, жазылуудан баш тартсаңыз, эч кандай акы төлөбөй каласыз. Эгер жазылууну узартуу үчүн Провайдер көтөргөн бааны ырасташыңыз керек болсо, бирок ырастабасаңыз, Google жазылууну автоматтык түрдө токтотуп коет. Токтотулган жазылууну кайра калыбына келтире турган болсоңуз, ошол учурдагы акыны төлөйсүз.

4. Укуктар жана чектөөлөр

Кызматтагы нерселерди колдонуу уруксаттамасы. Транзакция жөнөтүлгөндөн же Кызматтагы нерсе үчүн тийиштүү акы төлөнгөндөн кийин, Шарттарга жана саясаттарга ылайык, ал нерсе Түзмөктөрүңүздө сактоого, көрүүгө, уруксат берилген ыкмаларда колдонууга жана көчүрмөлөрүн коммерциялык эмес максатта көрсөтүүгө укугуңуз болот. Ушул Шарттар боюнча Google Play’ге жана Кызматтагы нерсеге карата эч кандай укук берилбесе, ал укук алардын ээлеринде калат. Колдонмолор менен оюндарды сиз жана Провайдердин ортосунда түзүлгөн кошумча келишим боюнча колдоносуз.

Уруксаттаманын шарттарын бузуу. Шарттардын кандайдыр бир жоболору бузулса, Уруксаттамаңыз дароо жокко чыгарылып, Google компаниясы төлөнгөн каражаттарды кайтарып бербестен, Google Play’ди, Кызматтагы нерсени же Google аккаунтуңузду пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.

Чектөөлөр: Төмөнкүлөргө тыюу салынат:

Үчүнчү тараптардын жоболору. Ушул Шарттардын жоболоруна каршы келген жоболорго карабастан, Google компаниясына өз нерсесинин уруксаттамасын берген үчүнчү тараптар, ушул Шарттардын контекстинде пайда көрүүчүлөр болуп эсептелет, бирок алардын нерселерине түздөн-түз тиешеси бар жоболор боюнча гана (мындан ары - Үчүнчү тараптардын укуктары) жана ушундай нерсеге болгон укуктарын жүзөгө ашыруу максатында гана. Түшүнбөстүктөр келип чыкпашы үчүн, ушул Шарттардын бир дагы жобосу (ушул жободон башкасы), тараптарга пайда көрүп жаткан үчүнчү жактын укуктарын бербейт. Бул нерсе ушул Шарттарда айтылган бардык жоболор менен макулдашууларга тийиштүү (шилтеме берүү менен же шилтемесиз).

Google Play'деги Нерсеге байланыштуу саясаттар. Google Play'де жарыяланып жаткан сын-пикирлер төмөнкү саясаттар боюнча жөнгө салынат. Google Play’де кандайдыр бир шарттардын бузулуп жатканын байкасаңыз, бизге кабар бериңиз.

Бузулган Нерсе. Аккаунтуңуз аркылуу Кызматтагы нерсени пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алганыңызда, анын туура иштеп жаткандыгын дароо текшериңиз. Эгер кандайдыр бир маселелер жаралса, тез аранын ичинде бизге же Провайдерге кабарлаңыз. Толугураак маалымат алуу үчүн Google Play'дин төлөм кайтаруу саясатын карап чыгыңыз.

Кызматтагы нерсенин алынып салынышы же жеткиликсиз болушу. Шарттарга ылайык, сатылып алынган же орнотулган нерсени Google Play аркылуу өзүңүз көрсөткөн мөөнөттө (ижарага алынса) же Google компаниясы ушул нерсени жарыялай турган мөөнөттө пайдалана аласыз. Айрым учурларда (мисалы, Google Кызматтагы нерсени жайылтуу укугунан ажыраса, ал нерсе колдоого алынбай же сунушталбай калса, ошондой эле ал ушул шарттарды же мыйзамды бузуп жатса), Google сатылып алынган Кызматтагы нерсени түзмөгүңүздөн өчүрүп же аны пайдалануу мүмкүнчүлүгүн бөгөттөп салат. Эгер Кызматтагы нерсени Google Commerce Limited компаниясы сунуштап жаткан болсо, анын өчүрүлө тургандыгы же аны пайдалануу мүмкүнчүлүгү бөгөттөлө тургандыгы жөнүндө кабар аласыз. Эгер Кызматтагы нерсенин көчүрмөсүн алууга жетишпей калсаңыз, Google: а) анын ордуна башкасын берет (эгер мүмкүн болсо); же б) төлөгөн каражаттарыңызды кайтарат. Каражаттарыңызды кайтарып берүү менен, Google ушул кырдаал боюнча эч нерсенин милдетин албайт.

Бир нече аккаунт. Эгер бир нече Google аккаунтуңуз болсо, Google ушундай функцияны күйгүзгөндө же кызматтар тарабынан уруксат берилген учурларда Кызматтагы нерсени бир аккаунтуңуздан башкасына өткөрүп алсаңыз болот.

Түзмөктөргө чектөө коюу. Google маал-маалы менен Кызматтагы нерсеге кире алган Түзмөктөрдүн же программалык колдонмолордун санына чектөө коюушу мүмкүн. Google Play Тасмалар жана TV/Google TV кызматындагы мындай чектөөлөр жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн Google Play Тасмалар жана TV'ни/Google TV’ни колдонуу эрежелерине баш багыңыз.

Кооптуу аракеттер. Кызматтарды жана алардагы нерселердин бирин да атомдук электр станцияларынын, тиричиликти камсыз кылуучу шаймандардын, кырсыктаганда байланышуу кызматтарынын, аба жолдору же навигация тутумдарын, учактардын учуусун башкаруу тутумдарынын же ушундай сыяктуу башка иштердин ишинде колдонууга болбойт, эгер Кызматтардын же алардагы нерселердин иштебей калышы адамдын өлүмүнө же жаракат алышына же ден соолугуна же айлана чөйрөгө олуттуу зыян келтирилишине алып келсе.

Google Play Тасмалар/Google TV. Google Play Тасмалар/Google TV кызматынын кошумча чоо-жайын жана чектөөлөрүн көрүү үчүн Google Play Тасмалар/Google TV кызматын колдонуу эрежелерин карап чыгыңыз.