Google Play кызматынын тейлөө шарттары

2020-жыл 4-август

1. Киришүү

Тийиштүү шарттар. Google Play'ди колдонгонуңуз үчүн чоң рахмат! Google Play кызматы 1600 Amphitheatre Parkway, Mountain View California 94043, USA дареги боюнча жайгашкан Google компаниясына таандык (мындан ары "Google" же "биз"). Google Play жана башка колдонмолор (анын ичинде Android'дин ыкчам ачылуучу колдонмолору), оюндар, музыка, тасмалар, китептер, журналдар жана башка санариптик мазмундар менен кызматтар (мындан ары "Мазмун"), жалпы жонунан "Шарттар" деп аталган ушул шарттарга жана Google'дун Тейлөө шарттарына (мындан ары "Google’дун ТШ") ылайык колдонулушу керек. Google'дун Тейлөө шарттарында айтылгандай, Google Play – "Кызмат". Эгер Google Play'дин Тейлөө шарттары менен Google'дун Тейлөө шарттарынын ортосунда карама-каршылыктар чыкса, Google Play'дин тейлөө шарттарына артыкчылык берилет.

2. Google Play'ди колдонуу

Мазмунду колдонуу. Мазмунду издөө, көрүү, көрсөтүү же телефонуңузга, планшетиңизге, компьютериңизге, сыналгыга, саатка же башка колдоого алынган түзмөккө (мындан ары "Түзмөк") жүктөп алуу үчүн Google Play'ди колдонсоңуз болот. Google Play'ди колдонуу үчүн Интернет байланышы жана Мазмунду колдонууга ылайыктуу программанын талаптарына жооп берген Түзмөк керек. Google Play’дин айрым Мазмундары жана функциялары кээ бир өлкөлөрдө жеткиликсиз болушу мүмкүн. Айрым Мазмунду үй-бүлөңүздүн мүчөлөрү менен бөлүшө аласыз. Мазмунду Google компаниясы же Google'га тиешеси жок үчүнчү тараптар камсыздашы мүмкүн. Google компаниясы башка иштеп чыгуучулардын Google Play'де жайгаштырган Мазмундарына жооптуу эмес жана алар боюнча эч нерсе айта албайт.

Курактык чектөөлөр. Google Play'ди колдонуу үчүн төмөнкү курактык чектөөлөргө жооп берген Google аккаунтуңуз (мындан ары "Google аккаунту") болушу керек. Эгер сиз жашаган өлкөнүн мыйзамына ылайык эрезеге жете элек болсоңуз, Google Play'ди колдонуу жана Тейлөө шарттарын кабыл алуу үчүн ата-энеңиздин же мыйзамдуу камкорчуңуздун уруксаты талап кылынат. Мындан тышкары, Google Play'деги айрым Мазмундарга же функцияларга кошумча курактык чектөөлөр коюлушу мүмкүн. Үй-бүлөлүк топтун башчылары менен үй-бүлө мүчөлөрү да бул кошумча талаптарга жооп бериши керек.

Үчүнчү тараптардын төлөмдөрү. Google Play'деги Мазмунду көрүп, колдонуу үчүн үчүнчү тарапка төлөнүүчү төлөмдөргө (Интернет провайдери же байланыш оператору) өзүңүз жооптуусуз.

Жаңыртуулар. Мүчүлүштүктөрдү оңдоо, функцияларды өркүндөтүү, талап кылынган плагиндерди жана жаңы версияларды (мындан ары жалпысынан "Жаңыртуулар") орнотуу максатында Google Play’ге, андагы колдоого алынган медиатекаларга же Мазмунга жаңыртуулар талап кылышы мүмкүн. Мындай жаңыртуулар Google Play'ди колдонуу же Мазмунду көрүү, жүктөп алуу же колдонуу үчүн керек. Ушул Тейлөө шарттарын кабыл алып, Google Play'ди колдонуу менен, ушундай Жаңыртуулардын автоматтык түрдө орнотулушуна макулдугуңузду билдиресиз. Google Play'дин жөндөөлөрүнө өтүп, белгилүү бир Мазмундарга арналган Жаңыртууларды башкара аласыз. Бирок Мазмундун олуттуу коопсуздук мүчүлүштүгүн оңдош керек болсо, Google Play’дин же Түзмөгүңүздүн жөндөөлөрүнө карабастан, Мазмунду жаңыртабыз. Эгер башка колдонмолор дүкөнү Google Play'ден жүктөлүп алынган Мазмунду жаңыртууга аракет кылса, сизге кабар беребиз же мындай аракеттин алдын алабыз.

Жеке маалымат. Google Play'ди колдонууда жеке маалыматыңыз кандайча корголуп, купуялыгы кандайча камсыз кылына тургандыгы Google'дун купуялык саясаттарында берилген. Google аты-жөнүңүз жана электрондук почтаңыздын дареги сыяктуу жеке маалыматты транзакцияларды иштетүү же Мазмунду камсыздоо максатында, Провайдерлерге бериши мүмкүн. Провайдерлер бул маалыматты өзүлөрүнүн купуялык саясатына ылайык пайдаланышат.

Google Play'деги үй-бүлөлүк топтун мүчөлөрү бири-бири жөнүндө белгилүү бир маалыматты көрүп турушат. Мисалы, Google Play'деги үй-бүлөлүк топтун башчысы үй-бүлөлүк топко чакырган үй-бүлө мүчөлөрү анын аты-жөнүн, сүрөтүн жана электрондук почтасынын дарегин көрө алышат. Эгер үй-бүлөлүк топко үй-бүлө мүчөсү катары кошулсаңыз, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө аты-жөнүңүз, сүрөтүңүз жана электрондук почтаңыздын дареги көрүнөт. Ал эми үй-бүлөлүк тобуңуздун башчысы курагыңызды, ошондой эле үй-бүлөнүн төлөм ыкмасы аркылуу сатып алган нерселериңиздин тизмесин, алардын Мазмунунун сүрөттөмөсүн көрө алат. Эгер Мазмунду үй-бүлөлүк топ менен бөлүшсөңүз, анда үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү Мазмунду колдонуп, аны сиз сатып алганыңызды көрүшөт.

Аккаунттарга уруксатсыз кирүү. Аккаунтуңуздун чоо-жайын коопсуз жерде сактап, эч ким менен бөлүшпөңүз. Google Play'деги же башка Google кызматтарындагы бир да колдонуучунун жеке маалыматын, анын ичинде аккаунттарынын аталыштарын чогултуп, Google Play'де сактоого болбойт.

Өчүрүлгөн аккаунттар. Эгер Google компаниясы Тейлөө шарттарына ылайык (мисалы, эгер аларды бузсаңыз) аккаунтуңузду бөгөттөп салса, Google Play'ге, аккаунтуңуздун чоо-жайына, файлдарга же анда сакталган башка Мазмунга кире албай калышыңыз мүмкүн. Кененирээк маалымат алуу үчүн Жардам борборун караңыз. Эгер Google үй-бүлөлүк топтун башчысынын аккаунтун бөгөттөп салса, үй-бүлө мүчөлөрү үй-бүлөнүн төлөм ыкмасы, үй-бүлөлүк жазылуулар же үй-бүлөнүн мүчөлөрү бөлүшкөн Мазмун сыяктуу функцияларды пайдалана албай калышат. Эгер Google үй-бүлөлүк топтун мүчөсүнүн аккаунтун бөгөттөсө, анда үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү ал бөлүшкөн мазмунду көрө албай калышат.

Кесепеттүү программалардан коргоо. Үчүнчү тараптын кесепеттүү программасынан, алдамчы сайттардан жана башка коркунучтардан коргоо максатында, Google Түзмөгүңүздөгү Интернет байланышы, кооптуу сайттар, операциялык тутум жана Google Play'ден же башка булактардан орнотулган колдонмолор жөнүндө маалыматты алып турушу мүмкүн. Эгер кандайдыр бир колдонмо же сайт шектүү болуп көрүнсө, сизге кабар беребиз. Ошондой эле, кандайдыр бир колдонмо түзмөгүңүзгө, дайындарыңызга же колдонуучуларга коркунуч туудурса, аны бөгөттөп же өчүрүп салышыбыз мүмкүн. Түзмөгүңүздүн жөндөөлөрүндө коргоо функцияларынын айрымдарын өчүрүп салсаңыз да, Google Play'ден орнотулган колдонмолор жөнүндө маалымат Google’га жөнөтүлүп турат. Ошол эле маалда, Түзмөгүңүзгө башка булактардан алынып орнотулган колдонмолордун коопсуздугу текшерилип, бирок Google'га эч кандай маалымат берилбейт.

Android'дин ыкчам ачылуучу колдонмолору. Түзмөгүңүздөгү шилтемени чыкылдатканда, Google Play ал ыкчам ачылуучу колдонмо бар экенин текшерип, ыкчам ачылуучу колдонмонун ичинде ачат. Ыкчам ачылуучу колдонмонун иштеши үчүн керектелген код Түзмөгүңүзгө жүктөлүп алынып, анда убактылуу сакталат. Ыкчам ачылуучу колдонмонун чоо-жайы Google Play Store'до жеткиликтүү. Android'дин ыкчам ачылуучу колдонмолорунун дайындары менен жөндөөлөрү Google аккаунтуңузга кирген түзмөктөрдө шайкештештирилет. Түзмөгүңүздүн жөндөөлөрүнө өтүп, Android'дин ыкчам ачылуучу колдонмолорун өчүрүп койсоңуз болот.

Шарттарга өзгөртүүлөрдү киргизүү. Эгер Шарттар өзгөрсө, ал тууралуу сизге кеминде 30 күн мурун кабар берилип, жаңы Шарттар бул мөөнөт аяктагандан кийин гана күчүнө кирет. Кабарда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин, Google Play'ди колдонууну улантканыңыз - Шарттарды кабыл алганыңызды билдирет. Жаңы Шарттар сиз колдонуп жаткан бардык Мазмунга (анын ичинде мурда орнотуп же сатып алган Мазмун) жана мындан ары сатып же орнотуп ала турган Мазмунга тиешелүү. Эгер мындай өзгөрүүлөргө макул болбосоңуз, мурда сатып же орнотуп алган Мазмунду жүктөп алып, Google Play'ди колдонууну токтотсоңуз болот. Ал Мазмундун көчүрмөсүн Түзмөктөрүңүздө кабыл алынган Шарттардын акыркы версиясына ылайык көрө бересиз.

3. Сатып алуулар жана төлөмдөр

Акысыз Мазмун. Google Play'де Мазмунду акысыз жүктөп алып, көрсөңүз же колдонсоңуз болот. Белгилүү бир акысыз Мазмунга кошумча чектөөлөр коюлушу мүмкүн.

Мазмунду сатып алуу. Google Play'де же ал аркылуу Мазмун сатып алганда, ушул Шарттарга ылайык төмөнкүлөр менен өзүнчө соода-сатык келишимин түзөсүз (зарылчылыкка жараша):

(а) Google Commerce Limited компаниясы; же

(б) Мазмундун провайдери менен (мындан ары "Провайдер"), (ошондой эле Google Commerce Limited Провайдердин агенти катары иш алып барганда да).

Соода-сатык келишими ушул Шарттарга кошумчаланат.

Google компаниясы Провайдердин агенти катары иш алып барганда, Google'дун Тейлөө шарттарында айтылган "үчүнчү тараптардын укуктарын жөнгө салбайт" деген жобо жараксыз деп табылат.

Мазмунду сатып алуу жана колдонуу келишими Google'дан Мазмунду сатып алууңузду ырастаган электрондук катты алганыңызда күчүнө кирип, Мазмун сатылып алынгандан кийин, келишимдин шарттары жүзөгө ашырыла баштайт.

Алдын ала буйрутма берүү. Мазмунга алдын ала буйрутма берилгенде, ал Мазмун сизге жеткиликтүү болгондо гана, сатып алуу жана колдонуу келишими күчүнө кирип, анын акысын ошондо төлөйсүз. Мазмун сизге жеткиликтүү болгонго чейин, алдын ала берилген буйрутмаңыздан каалаган убакта баш тарта аласыз. Эгер Мазмун сизге жеткиликтүү болгонго чейин Google Play'ден алынып салынса же буйрутма аткарылганга чейин Мазмундун баасы өзгөрүп кетсе, алдын ала берилген буйрутмаңызды жокко чыгарууга укугубуз бар.

Үй-бүлөнүн төлөм ыкмасы. Google Play'деги үй-бүлөлүк топтун башчысы үй-бүлө мүчөлөрүнө Мазмунду Google Play’де жана колдонмолор аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн жарактуу үй-бүлөнүн төлөм ыкмасын кошушу керек. Үй-бүлөнүн төлөм ыкмасы менен сатылып алынган бардык Мазмунга сиз жооптуу болосуз. Эгер үй-бүлөлүк топ жоюлса же үй-бүлө мүчөсү топтон чыгып кетсе, үй-бүлөнүн төлөм ыкмасы аркылуу аягына чыкпай калган сатылып алына турган нерселердин акысы үй-бүлөлүк топтун башчысынан алынат.

Google Payments. Google Play'деги Мазмунду сатып алуу үчүн Google Payments аккаунтуңуз болуп, Google Payments'тин Тейлөө шарттарын кабыл алышыңыз керек. Google Payments Купуялык эскертүүсү Google Payments аккаунту аркылуу сатып алган бардык Мазмундарга карата колдонулат. Google Payments аккаунтуңуз менен Google Play'де сатылып алынган нерселердин төлөмдөрүнө сиз жооптуу болосуз.

Башка төлөм ыкмалары. Google Payments’тен тышкары, Google Play'деги Мазмунду башка төлөм ыкмалары менен да сатып алсаңыз болот. Тандалган төлөм ыкмасына карата колдонулган Google компаниясынын же үчүнчү тараптын тейлөө шарттарын же башка юридикалык келишимдин шарттарын аткарууга милдеттүүсүз. Google компаниясы төлөм ыкмаларын өзү каалагандай кошуп же алып сала алат. Google Play'де сатылып алынган нерселердин кошумча чыгымдарын сиз төлөйсүз.

Байланыш оператору аркылуу эсептешүү. Түзмөгүңүздө Google Play аккаунту орнотулган болсо, байланыш операторуңузга абоненттин идентификатору жана SIM картасынын сериялык номери сыяктуу маалыматты жөнөтөбүз. Ушуну менен, Түзмөгүңүз аркылуу сатылып алынып жаткан Мазмундун акысын байланыш операторундагы эсебиңизден алууга боло тургандыгын аныктайбыз. Ушул төлөм ыкмасын пайдаланууга уруксат берүү үчүн, байланыш операторунун тейлөө шарттарын кабыл алышыңыз керек. Байланыш оператору Google компаниясына сиздин эсептешүү дарегиңизди жөнөтөт. Бул маалымат Google'дун Купуялык саясаттарына жана Google Payments'тин Купуялык эскертүүсүнө ылайык сакталып, колдонулат.

Баалар. Google Play'де Мазмунду сатып алганга чейин, анын баасы жана жеткиликтүүлүгү өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Салыктар. "Салыктарга" Мазмунду сатууга байланыштуу бардык алымдар, бажы төлөмдөрү жана салыктар (киреше салыгынан тышкары), ошондой эле айып пулдар же пайыздар кирет. Салыктарды төлөө сиздин жоопкерчилигиңиз жана Мазмунду сатып алууда бир да Салыктан бошотулбайсыз. Эгер Салыктарды чогултуу же төлөө Мазмунду сатуучуга же Google'га милдеттендирилсе, ал Салыктар сизден өндүрүлүп алынат. Учурдагы салык мыйзамдарынын бардык талаптарына жооп берип, Google Play'ди колдонууга же ал аркылуу Мазмунду сатып алууга байланыштуу Салыктардын баарын төлөп, отчет берүүгө милдеттүүсүз. Салык мыйзамдарын бузгандыгыңыз үчүн өзүңүз жооп бересиз.

Төлөнгөн каражаттарды кайтарып берүү саясаты. Төлөмдөрдү кайтарып берүү, жокко чыгаруу жана ордун толтуруу тууралуу кененирээк маалыматты Google Play'дин Төлөмдөрдү кайтаруу саясатында биле аласыз. Google Play'дин Төлөм кайтаруу саясатында же Провайдердин төлөм кайтаруу саясаттарында башкача айтылбаса, сатылып алынган Мазмун артка кайтарылбайт же алмаштырылбайт жана төлөнгөн акча кайтарылып берилбейт. Эгер сатылып алынган нерсени кайтарууга, алмаштырууга же төлөмүн кайтарып берүүгө уруксат берилсе, транзакция артка кайтарылып, ал боюнча сатылып алынган Мазмун жеткиликсиз болуп калат.

Жазылуулар. Жазылуулардын акысы жумасына, айына, жылына бир жолу же башка мезгил аралыгында автоматтык түрдө алынып турат. Төлөм ар бир эсептешүү мезгилине 24 саат калганда өндүрүлүп алынат.

(а) Сынамык мезгилдер. Мазмунга акы төлөп жазылганыңызда, аны белгилүү бир мезгил ичинде акысыз пайдалана аласыз. Ал сынамык мезгил бүткөндөн кийин, жазылууңуз жокко чыгарылмайынча, сизден төлөм өндүрүлүп турат. Акы төлөгүңүз келбесе, сынамык мезгили аяктагандан кийин жазылуудан баш тартыңыз. Жазылуудан баш тарткандан кийин, Провайдердин шарттарында башкача көрсөтүлбөсө, тийиштүү колдонмону жана функцияларды пайдалана албай каласыз. Мындай сынамык мезгилдерге кызматты бир гана колдонуучу пайдалана алат деген сыяктуу чектөөлөр коюлушу мүмкүн.

(б) Жазылуудан баш тартуу. Жазылууну Жардам борборунда көрсөтүлгөндөй, кийинки эсептешүү мезгили башталганга чейин токтотсоңуз болот. Өзгөрүүлөр кийинки эсептешүү мезгилинде күчүнө кирет. Мисалы, бир айлык жазылууну токтотсоңуз, ал кийинки айдан баштап гана күчүнө кирет. Google Play'дин төлөм кайтаруу саясатында башкача айтылбаса (мисалы, Мазмун бузук болсо), учурдагы эсептешүү мезгили үчүн төлөнгөн каражат кайтарылбайт. Google Play Пресса кызматына жазылуу: Жазылуудан баш тарткандан кийин деле учурдагы эсептешүү мезгили бүткөнчө Мазмун менен Жаңыртууларды алып турасыз. Андан соң, буга чейин алынган журналдардын чыгарылыштарын окуй бересиз, бирок акы төлөнүүчү жаңылыктар жеткиликсиз болот. Ал эми жазылууну сынамык мезгилинде токтотсоңуз, ал мезгил аяктаганга чейин акы талап кылынуучу журналдарды окуй бересиз, бирок жаңылыктарды окуй албайсыз. Google Play Музыка кызматына жазылуу: Эгер Google Play Музыка кызматына жазылуудан баш тартсаңыз, андагы Мазмунду учурдагы эсептешүү мезгили бүткөнчө пайдалана бересиз. Ал эми жазылууну акысыз сынамык мезгилинде жокко чыгарсаңыз, дароо эле акы талап кылынуучу Мазмунду пайдалана албай каласыз.

(в) Басылмаларга жазылган колдонуучулар үчүн жеңилдиктер. Мазмундун кагазга басылып чыккан версиясына жазылгандар Google Play’деги Мазмунга арзандатылган баа менен жазылышат. Эгер басылмага жазылуудан баш тартсаңыз же жазылуунун мөөнөтүн узартпасаңыз, ал Мазмундун Google Play'деги арзандатылган баасы автоматтык түрдө жокко чыгарылат.

(г) Баалардын өзгөрүшү. Кызматка жазылып жатканда, ошол учурдагы акыны төлөйсүз. Эгер жазылуунун баасы кийинчерээк өсүп кетсе, Google сизге кабар берет. Баанын кымбатташы, төлөм мезгили келип жеткенге чейин сизге 10 күн мурун кабар берилгенде гана, кийинки төлөм мезгилинде күчүнө кирет. Ал эми кабарды 10 күнгө жетпеген убакытта алган болсоңуз, баалар кийинки төлөм мезгили келип жеткиче кымбаттабайт. Эгер жаңы баа жакпаса, ушул Шарттардын “Жазылуудан баш тартуу” бөлүмүндө көрсөтүлгөндөй, учурдагы эсептешүү мезгили аяктаганга чейин бизге алдын ала кабарлап, жазылуудан баш тартсаңыз, эч кандай акы төлөбөй каласыз. Эгер жазылууну узартуу үчүн Провайдер көтөргөн бааны ырасташыңыз керек болсо, бирок ырастабасаңыз, Google жазылууну автоматтык түрдө токтотуп коет. Токтотулган жазылууну кайра калыбына келтире турган болсоңуз, ошол учурдагы акыны төлөйсүз.

4. Укуктар жана чектөөлөр

Мазмунду колдонуу уруксаттамасы. Транзакция жөнөтүлгөндөн же Мазмун үчүн тийиштүү акы төлөнгөндөн кийин, Шарттарга жана саясаттарга ылайык, Мазмунду Түзмөктөрүңүздө сактоого, көрүүгө, Кызматтын алкагында уруксат берилген ыкмаларда колдонууга жана көчүрмөлөрүн коммерциялык эмес максатта көрсөтүүгө укугуңуз болот. Ушул Шарттар боюнча Google Play’ге жана Мазмунга карата эч кандай укук берилбесе, ал укук алардын ээлеринде калат. Колдонмолор менен оюндарды сиз жана Провайдердин ортосунда түзүлгөн кошумча келишим боюнча колдоносуз.

Уруксаттаманын шарттарын бузуу. Шарттардын кандайдыр бир жоболору бузулса, Уруксаттамаңыз дароо жокко чыгарылып, Google компаниясы төлөнгөн каражаттарды кайтарып бербестен, Google Play’ди, Мазмунду же Google аккаунтуңузду пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.

Чектөөлөр: Төмөнкүлөргө тыюу салынат:

Үчүнчү тараптардын жоболору. Ушул Шарттардын жоболоруна каршы келген жоболорго карабастан, Google компаниясына өз Мазмунунун уруксаттамасын берген үчүнчү тараптар, ушул Шарттардын контекстинде пайда көрүүчүлөр болуп эсептелет, бирок алардын Мазмунуна түздөн-түз тиешеси бар жоболор боюнча гана (мындан ары - Үчүнчү тараптардын укуктары) жана ушундай Мазмунга болгон укуктарын жүзөгө ашыруу максатында гана. Түшүнбөстүктөр келип чыкпашы үчүн, ушул Шарттардын бир дагы жобосу (ушул жободон башкасы), тараптарга пайда көрүп жаткан үчүнчү жактын укуктарын бербейт. Бул нерсе ушул Шарттарда айтылган бардык жоболор менен макулдашууларга тийиштүү (шилтеме берүү менен же шилтемесиз).

Google Play'дин Мазмунга байланыштуу саясаттары. Google Play'де жарыяланып жаткан сын-пикирлер төмөнкү саясаттар боюнча жөнгө салынат. Google Play’де кандайдыр бир шарттардын бузулуп жатканын байкасаңыз, бизге кабар бериңиз.

Бузулган Мазмун. Аккаунтуңуз аркылуу Мазмунду пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алганыңызда, анын туура иштеп жаткандыгын дароо текшериңиз. Эгер кандайдыр бир маселелер жаралса, тез аранын ичинде бизге же Провайдерге кабарлаңыз. Толугураак маалымат алуу үчүн Google Play'дин төлөм кайтаруу саясатын карап чыгыңыз.

Мазмундун алынып салынышы же жеткиликсиз болушу. Шарттарга ылайык, сатылып алынган же орнотулган Мазмунду Google Play аркылуу өзүңүз көрсөткөн мөөнөттө (ижарага алынса) же Google компаниясы ушул Мазмунду жарыялай турган мөөнөттө пайдалана аласыз. Айрым учурларда (мисалы, Google Мазмунду жайылтуу укугунан ажыраса, Мазмун колдоого алынбай же сунушталбай калса, ошондой эле ал ушул шарттарды же мыйзамды бузуп жатса), Google сатылып алынган Мазмунду түзмөгүңүздөн өчүрүп же аны пайдалануу мүмкүнчүлүгүн бөгөттөп салат. Эгер Мазмунду Google Commerce Limited компаниясы сунуштап жаткан болсо, анын өчүрүлө тургандыгы же аны пайдалануу мүмкүнчүлүгү бөгөттөлө тургандыгы жөнүндө кабар аласыз. Эгер Мазмундун көчүрмөсүн алууга жетишпей калсаңыз, Google: а) анын ордуна башкасын берет (эгер мүмкүн болсо); же б) төлөгөн каражаттарыңызды кайтарат. Каражаттарыңызды кайтарып берүү менен, Google ушул кырдаал боюнча эч нерсенин милдетин албайт.

Бир нече аккаунт. Эгер бир нече Google аккаунтуңуз болсо, Google ушундай функцияны күйгүзгөндө же кызматтар тарабынан уруксат берилген учурларда Мазмунду бир аккаунтуңуздан башкасына өткөрүп алсаңыз болот.

Түзмөктөргө чектөө коюу. Google маал-маалы менен Мазмунга кире алган Түзмөктөрдүн же программалык колдонмолордун санына чектөө коюушу мүмкүн. Google Play Музыканын же Google Play Тасмалар жана TV кызматындагы мындай чектөөлөр жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн Google Play Музыканын жардам борборуна же Google Play Тасмалар жана TV'ни колдонуу эрежелерине баш багыңыз.

Кооптуу аракеттер. Кызматтар менен Мазмундардын бири да атомдук куралдарды, өмүрдү колдоо тутумдарын, тез жардам байланыштарын, аэронавигация же байланыш тутумдарын, аба каттамдарын көзөмөлдөө тутумдарын же ушундай сыяктуу башка аракеттерди аткарууга жана мындай аракеттердин ишке ашпай калышы өлүмгө, жаракат алууга же айлана-чөйрөнү бузууга алып келе турган иштерге пайдаланууга багытталган эмес.

Google Play Тасмалар. Google Play Тасмалар кызматынын кошумча чоо-жайын жана чектөөлөрүн көрүү үчүн Google Play Тасмалар кызматын колдонуу эрежелерин карап чыгыңыз.

Google Play Музыка

Google Play аркылуу музыкалык файлдар, музыкалык видео файлдар, алдын ала көрүүлөр, клиптер, аткаруучу жөнүндө маалымат, колдонуучулардын сын-пикири, үчүнчү тараптын кесипкөй сын-пикири жана башка санариптик мазмун ("Музыкалык өнүмдөр") сыяктуу санариптик музыканын түрлөрүн жана музыка менен байланыштуу мазмунду серептеп, алдын ала көрүп, агылтып, сатып алып, жүктөп алып, сунуштап жана колдоно аласыз.

Мазмунду сактоо. Google Play аркылуу музыкалык файлдар, алардын метадайындары жана альбомдордун мукабалары сыяктуу санарип мазмунду Музыкалык программанын жардамы менен Фонотекада сактай аласыз (мындан ары "Сакталган Мазмун"). Сакталган мазмун Музыкалык мазмундун бөлүгү эмес. Сакталган мазмунга түздөн-түз Фонотекага жүктөлүп берилген файлдар жана Google’да Түзмөгүңүздөгү файлдарга дал келип, табылган файлдар кирет.

Фонотека кызматтары. Google Play төмөнкүлөрдү камсыздай алат: (а) музыканы жана ага байланыштуу файлдарды, ошондой эле Музыкалык жана Сакталган мазмунду сактоо үчүн сервердеги мейкиндикти (мындан ары "Фонотека") пайдалануу мүмкүнчүлүгүн же (б) музыканы жүктөп берип, ачып жана укканга мүмкүнчүлүк берген колдонмолор (компьютердик программалар, мобилдик жана веб-колдонмолор) менен кызматтарды пайдаланып, аны Фонотекада башкаруу мүмкүнчүлүгүн берет (мындан ары – Музыкалык программа). Google’дун Тейлөө шарттарында Фонотека жана Музыкалык программа жалпы-жонунан "Фонотека кызматтары" деп аталат.

Фонотека кызматтарын пайдалануу. Музыкалык жана Сакталган мазмунду Фонотекага сактоо менен, ал Мазмундун уникалдуу көчүрмөсүн түзүп, Google'дан аны Сиздин атыңыздан сактап, аны Google Play каттоо эсебиңиз аркылуу көрүп/угуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү суранасыз. Фонотека кызматтарын колдонуу менен, Музыкалык жана Сакталган мазмунду пайдалануу үчүн Google’дан ушул Кызматтардын бардык функцияларын колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү сурайсыз. Фонотека кызматтарын көрсөтүү үчүн талап кылынган техникалык аракеттерди аткаруу максатында Google: (а) Музыкалык жана Сакталган мазмунду ар түрдүү тармактар жана каналдар аркылуу өткөрүп берет жана (б) туташып жаткан тармактардын, түзмөктөрдүн, кызматтардын жана каналдардын талаптарына жооп бергидей кылып Музыкалык жана Сакталган мазмунду өзгөртөт. Сакталган мазмунду Фонотекага жүктөп берип, сактоо үчүн талап кылынган укуктарыңыз бар экендигин ырастап жана кепилдик берип, Google компаниясына ушул бөлүмдө келтирилген аракеттерди аткарууну тапшырасыз.

Google’дун жазылуу боюнча колдонулган башка кызматтары. Google Play’ге жана Google Play’дин музыкалык кызматтарына башка Кызматтардын, ошондой эле Google Play’дин музыкалык кызматтарына жазылуу мүмкүнчүлүгүн берген кызматтардын шарттары боюнча эмес, ушул Шарттар боюнча гана жазылып, пайдаланасыз.

Google Play Пресса.

Google компаниясы гезит-журналдардын жарыялоочусуна кандай маалыматтарды берет. Эгер Google Play'де кайсы бир гезит-журналга белгилүү бир мөөнөткө жазылсаңыз, Google аты-жөнүңүздү, электрондук почтаңыздын дарегин, почтаңыздын дарегин жана уникалдуу идентификаторуңузду жарыялоочу менен бөлүшөт. Мындан тышкары, кандай гезит-журналдарды окуганыңыз тууралуу маалымат жарыялоочуга жөнөтүлүп турушу мүмкүн. Ал эми жарыялоочу, өз кезегинде, Google компаниясына бул маалыматты өзүнүн купуялык саясатына ылайык колдонууга милдеттенет. Кызматка жазылып жатып, ага байланышпаган жапырт таркатмалардан жана үчүнчү жактардын жарнамаларынан баш тартсаңыз болот. Эгер Google Play'ден журналды бир жолу гана сатып алсаңыз, Google ал журналдын жарыялоочусуна почта индексиңизди бериши мүмкүн. Мындан тышкары, жарыялоочуларга гезит-журналдардын сатылышы тууралуу маалымат берип турабыз.

Басылмага жазылууну текшерүү. Эгер Google Play Пресса аркылуу басылмага жазылган болсоңуз, үчүнчү тараптагы кызмат көрсөтүүчүдөн басылманы ырастап берүүсүн, ал эми сизден жазылуу жөнүндө белгилүү бир маалыматты сурашыбыз мүмкүн. Google бул маалыматты Google'дун купуялык саясатына ылайык пайдаланат.