Alma Go

10 миң+
жолу жүктөлүп алынды
Мазмун рейтинги
Баары
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү

Колдонмо тууралуу

БИРИНЧИ БУЙРУТМАГА 25% АРЗАНДАТУУ ЖАНА 1 АКЫСЫЗ ЖЕТКИРҮҮ

Alma Go – Бишкек шаарындагы үйгө азык-түлүк жеткирүү боюнча онлайн супермаркет.

Тиркемени жүктөп алып, Сизге жана жакындарыңызга бардык керектүү азык-түлүктөрдү жана тиричилик буюмдарын кеңири ассортименттен тандап, кезекке турбастан жана оор баштыктарды көтөрбөстөн, буйрутма бериңиз.

Alma Go’до

25 МҮНӨТТӨ ЖЕТКИРЕБИЗ
Биз 9:00дөн 23:00гө чейин иштейбиз. Буйрутмаларыңыз үйүңүзгө чейин тез жеткирилет, анткени биз дарксторлор (кампа дүкөндөрү) аркылуу онлайн соода жаатында гана иштейбиз. Жеткирүүнүн статусун жана чабармандын маршрутун картадан көзөмөлдөө мүмкүн.

ЧОҢ АССОРТИМЕНТ
Биздин онлайн супермаркет кеңири категориядагы товарларды, азык-түлүктөрдү жана суусундуктарды сунуштайт. Издөөнү жеңилдетүү максатында бардык товарлар категорияларга бөлүнгөн. Онлайн буйрутма берүү абдан оңой: Сиз товарларды тандап, даректи көрсөтөсүз, ал эми чогултуучуларыбыз буйрутмаңызды толугу менен даярдайт жана чабармандарыбыз аны эшигиңизге чейин кылдаттык менен жеткирип берет.

ЖАҢЫ АЗЫКТАР ГАНА
Биз бардык товарларыбыздын сапатына жооп беребиз жана текшерилген, ишенимдүү камсыздоочулар менен гана иштешебиз.

АРЗАНДАТУУЛАР ЖАНА АКЦИЯЛАР
Биринчи буйрутмасына 25% арзандатуу сунуштайбыз, бирок 500 сомдон көп эмес. Биринчи жеткирүү Сиз үчүн акысыз. Көбүрөөк акциялар, арзандатуулар жана промокоддор Alma Go тиркемесинде гана жеткиликтүү.

ТӨЛӨМ
Төлөмдөрдү банктык карта аркылуу аткаруу же чабарманга накталай акча берип, чектерди алуу мүмкүн.

САКТОО ЖАНА ЛОГИСТИКА
Биз дарксторлор (кампа дүкөндөрү) аркылуу онлайн соода жаатында гана иштейбиз. Ал дүкөндөрдө буйрутма чогултуучу кызматкерлерибизден башка киши болбойт. Дарксторлордо бардык талап кылынган температуралык режимдерге өзгөчө көңүл бурулат. Эт, сүт жана тоңдурулган азыктар өзүнчө муздаткычтарда сакталат.
Качан жаңырды
2025-ж., 30-июн.

Маалыматтардын коопсуздугу

Коопсуздук дегенде колдонмонун маалыматты кантип топтоп, аны үчүнчү тараптар менен кантип бөлүшө турганын түшүнүү керек. Маалыматтардын купуялыгы жана коопсуздугу колдонмоңуздун иштетилишине, жүргөн аймагыңызга жана курагыңызга жараша болот. Маалыматты иштеп чыгуучу берип, маал-маалы менен жаңырып турат.
Бул колдонмо төмөнкүдөй маалыматтарды үчүнчү тараптар менен бөлүшүшү мүмкүн
Каржы маалыматы
Бул колдонмо төмөнкүдөй маалыматтарды топтошу мүмкүн
Жайгашкан жер, Жеке маалымат жана дагы 9
Маалымат шифрленип өткөрүлөт
Маалыматтарды өчүрүүнү сурансаңыз болот

Эмне жаңылык

Жаңыртылган тиркемеде эмне жаңылык:

• Фильтрлерди иштеп бүтүрдүк — эми керектүү нерсени оңой издеп-табуу мүмкүн;
• Google'дун талаптарына ылайык, медиафайлдарга кирүүгө ашыкча уруксаттарды жок кылдык — эми бардыгы алда канча коопсуз болуп калды;
• Ката экранында «Өчүрүп-күйгүзүү» баскычынын көрүнүшүн оңдодук;
• Колдонуучу авторизациялоодон баш тарткан учурда, башкы бетти көрсөтүү көйгөйү чечилди.

Кызматты тезирээк, ыңгайлуураак жана ашыкча түйшүксүз колдонуу үчүн тиркемени жаңыртып алыңыз!