Заматта эле жаңы тилде сүйлөп баштаңыз. uTalk Classic аркылуу маектешүү үчүн негизги сөздөрдү жана сөз айкаштарды үйрөнүңүп алыңыз, ишенимиңизди жогорулатып, барган жерде дос табыңыз.
uTalkтун 25 жылдан ашык иштелип чыккан жана сыйлык менен даражаланган ыкмасын жаңы тилди үйрөнүүдө дүйнө жүзү боюнча 30 миллиондон ашык адам колдонушту. Жөнөкөй, кызыктуу, натыйжалары дароо көрсөткөн… азыр болсо жаркыраган жаңы өңгө жана жакшыртылган оюндарга ээ, бул сиздин окууңузду ого бетер пайдалуу кылат.
uTalk Classic бул:
• Түрткү - бир нерсе менен алектенүүнүн эң жакшы жолу - ал нереседен ырахат алуу. uTalk Classic оюндары кызыктуу жана аларга көнүп калуу максаты менен иштелип чыккан, андыктан сиз үйрөнүүнүн уланышын каалап каласыз.
• Анык - uTalk Classicтин ичиндеги бүт мазмунду ачып бериш үчүн биз эне тилде сүйлөгөндөр жана котормочулар менен иштеп, сизге жергиликтүү адам сыяктуу сүйлөгөндү үйрөнгөнгө өбөлгө түздүк.
• Акылдуу - акылдуу программа сиздин эмнеге эптүү экениңизди байкап (кайсы жерде көбүрөөк жардамга муктажтык бар), оюндарды сиздин жеке деңгээлиңизге өзгөчө түрдө ылайыкташтырат.
• Суйлөө үчүн эң ынгайлуу - сүйлөөгө машыгып жаткан учурда өзүңүздүн үнүңүздү жаздырып алыңыз. Муну акцентиңизди кынтыксыз калыпка келтириш үчүн, каалаганча ирет кылсаңыз болот.
• Визуалдуу - Кооз сүрөттөрүбүз сөздөрдү сүрөттөр менен байланыштырып, мээңиздин үйрөнүүсүн тездетип, визуалдык эс тутум жаңы тилди жаттаганга жардам берет.
• Практикалдуу - uTalk Classic тогуз башталгыч тема боюнча сизге керектүү сөздөрдү жана сөз айкаштарын үйрөтөт: алгачкы сөздөр, тамак-аш жана суусундуктар, түстөр, сандар, дене мүчөлөрү, убакытты айтуу, дүкөнгө баруу, сөз айкаштары жана өлкөлөр.
• Портативдүү - Чет өлкөдө жүргөндө кымбат роуминг акысын төлөөгө сарсаана болбой, дүйнөнүн каалаган жеринде uTalk Classicти оффлайн режиминде колдонуңуз.
Качан жаңырды
2024-ж., 25-янв.