Баарынын башталышы ушундайча болду. Кудай ааламды жана андагынын бардыгын алты күндө жараткан. Кудай жерди жараткандан кийин, ал караңгы жана бош болчу, анда эч нерсе пайда болгон эмес. Бирок Кудайдын Руху суу үстүндө болгон. Ошондо Кудай: «Жарык болсун!» - деди. Ал жерде жарык бар болчу. Кудай жарыктын жакшы экендигин көрүп, аны “күн” деп атады. Ал аны "түн" деп атаган караңгылыктан бөлүп койду. Кудай жарыкты биринчи күнү жараткан. Жаратылуунун экинчи күнүндө, Кудай сүйлөп, жердин үстүндөгү асманды жараткан. Ал асманды жогорудагы сууну төмөндөгү суудан бөлүп жараткан. Үчүнчү күнү Кудай сүйлөп, сууну кургак жерден бөлүп койду. Ал кургак жерди “жер” деп, ал сууну “деңиздер” деп атаган. Кудай анын жаратканынын жакшы экендигин көрдү.
Качан жаңырды
2021-ж., 18-мар.
Китептер жана маалымдамалар