Беббо – бул балаңыз төрөлгөндөн баштап, мектепке барганга чейин чөнтөгүңүздөгү баланы тарбиялоодо өнөктөшүңүз. Ата-энелерге багытталган бул тиркемедеги эксперттердин кеңештери балаңыз төрөлгөндөн 6 жашка чейинки аралыкта өсүшүн жана өнүгүүсүн колдоодо керектүү болот! Ымыркайыңызга жана өзүңүздүн жакшы жашооңузга кам көрүү боюнча кеңештер менен көрсөтмөлөрдү, күнүмдүк оюндарды алуу үчүн ушул тиркемеге катталыңыз. Бир нече баланын профилин оңой эле карап чыгып, ар бир баланын жашына жана муктаждыктарына ылайыкталган кеңештерди алыңыз.
Беббо сизге төмөнкүлөрдү берет:
– Көрсөтмөлөр менен кыска видеолорду жана балаңыздын өнүгүүсүнүн ар бир этабына далилдүү колдоону.
– Өнүгүүнүн ар кандай маанилүү чөйрөлөрүн, анын ичинде таанып-билүүнү, тилди, моториканы, социалдык эмоционалды колдогон жекече аракеттерди жана оюндарды.
– Сиздин суроолорго жана балаңыздын жашына ылайыкташтырылган, эрте куракта үйрөнүү, ден соолук, тамактануу, кам көрүү жана коопсуздук боюнча эксперттик кеңештерди жана ата-энелер үчүн макалаларды.
– Беббо коллекциясынан тема, жаш курагы же өнүгүү аймагы боюнча жүздөгөн иш-аракеттерди жана макалаларды издөө мүмкүнчүлүгүн.
– Жактырган контентти сактап калып, башкалар менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн.
Беббо сизди интерактивдүү куралдар менен камсыз кылат:
– Өнүгүүнүн этаптарын көзөмөлдөөгө.
– Баланын өсүшүн көзөмөлдөөгө.
– Эмдөө тартибин көзөмөлдөөгө.
– Медициналык текшерүүдөн өтүүнү көзөмөлдөөгө.
Тиркеме интернет байланышы чектелген чөйрөдө оффлайнда да иштей алат. Беббо бул жерде кыргызча сунушталат. Тиркеме акысыз, жарнамаларсыз, аны өнөктөш менен бөлүшсөңүз болот. Анда эмнени күтүп жатасыз? Беббо тиркемесин жүктөп алып, тарбия берүү боюнча чөнтөк өнөктөшүңүзгө катталыңыз.
Качан жаңырды
2024-ж., 19-апр.