Куран же Ыйык Куран, мусулмандардын пикири боюнча, ыйык китеп, анын аяттары Ислам пайгамбары Мухаммедге Алла Таала Жабраил аттуу периште аркылуу түшүрүлгөн. Ислам ишениминде Куран Мухаммеддин чыныгы пайгамбар экенин далилдейт.
Мусулмандар Курандан тышкары Инжил, Тоорат жана Забурду Аллах тарабынан адамдарга жиберилген ыйык китептер деп белгилешет. Бирок, калган үч китеп кийинчерээк өзгөртүлүп, акыркы ыйык китеп болгон Куран Кыяматка чейин Алла Таала тарабынан сакталат деп ишенишет. Куран Исламдагы биринчи адам жана биринчи пайгамбар деп эсептелген Адам атадан жиберилген илахий тексттердин толуктоочусу катары кабыл алынат.
Качан жаңырды
2023-ж., 25-мар.
Китептер жана маалымдамалар