Яндекс Go
Такси, ресторандардан жана дүкөндөрдөн тамак-аш, жөнөтмөлөрдү жеткирүү. Биз менен бирге иштерди аткарыңыз!
🚕 ТАКСИ
📲 Тарифтерди тандаңыз жана салыштырыңыз
«Эконом» — күнүмдүк такси. «Комфорт» — салондо бутту кенен сунуп, жайлуу жол жүрүш үчүн тариф. «Минивэн» — топтошкон жүргүнчүлөр, лыжаларды, велосипед ташуу, аэропортко баруу үчүн ыңгайлуу тариф.
«Бизнес»
Бизнес-борборлорго, маанилүү жолугушууларга баруу үчүн «Бизнес» тарифин тандаңыз. Премиум класстагы автоунааларда жол жүрүүдөн ыракат алыңыз.
Ар бир айдоочу премиум-сервис стандарттарын билүү боюнча тесттен өтөт. Айдоочулар сизге эшикти ачып берүүгө даяр, маршрут, музыка, салондогу температура боюнча каалоолоруңузга көңүл бурушат. Алар сизди аэропортто тосуп алып, жүгүңүздү көтөрүшүп, жүктөшүп беришет.
Эң тез
Шашып жатсаңыз, колдонмодо бир нече тарифти белгилеңиз – сервис сизге эң жакын турганын таап берет. Мындай кызмат ар бир көз ирмем эсепте болуп, аэропортко же маанилүү жолугушууга тезирээк жетиш керек болуп жатканда абдан ыңгайлуу.
꩜ РЕСТОРАНДАРДАН ЖАНА ДҮКӨНДӨРДӨН ТАМАК-АШ
Ресторандардан түркүн-түркүн тамак-аштарга, дүкөндөрдөн күнүмдүк азык-түлүккө – акысыз жеткирүү менен буйрутма бериңиз.
Ыңгайлуу чыпкалар көңүлүңүз каалаган тамак-ашты табууга жардам берет. Жөн гана керектүүсүн басыңыз — «Пицца», «Бургер», «Суши», «Ролл», «Вок», «Токоч». Тамак-ашты утуштуу баада сатып алышыңыз үчүн – күн сайын арзандатуулар жана атайын сунуштар пайда болуп турат.
Жеткирүүнү жол-жоболоштуруу – тез жана оңой:
- Яндекс Go колдонмосунда «Еда» бөлүмүн табыңыз;
- себетке тамак-ашты же азык-түлүктү кошуңуз;
- жеткирүү дарегин көрсөтүңүз;
- буйрутманы бериңиз.
Буйрутманын статусун жана курьердин жайгашкан жерин ар дайым колдонмо аркылуу байкап турса болот.
📦 ТЕЗ ЖЕТКИРҮҮ
Жеткирүү кызматы оңдоого калтырып кеткен буюмуңузду алып келип, же болбосо жумушуңузга документтерди жеткирип берет. Курьер болжол менен 15 мүнөттөн кийин босогоңузда болот, ал эми жеткирүү 1 сааттан ашпайт. Эгер диван же керебет сыяктуу ири буюмдарды тез жеткириш керек болсо – курьер кызматынын ордуна жүк ташуу кызматы келет – Яндекс Жеткирүү керектүү чоңдуктагы жүк ташуу автоунааны таап, жүк ташуучуларды чакырууда жардам берет.
ЯНДЕКС ПЛЮСКА ЖАЗЫЛУУ
«Комфорт» жана «Бизнес» тарифтеринде сапарларга 10% арзандатуу алыңыз, ошондой эле музыка угуңуз, кино көрүңүз жана китеп окуңуз.
Качан жаңырды
2024-ж., 21-май