Тике транскрипциялоо жана үн билдирмелеринин жардамы менен кулагы начар уккан адамдар Android телефону аркылуу айланадагы үндөрдү таанып, башкалар менен баарлаша алышат.
Түзмөктөрдүн көпчүлүгүндө бул функциялар төмөнкүчө иштетилет:
1. Түзмөгүңүздүн параметрлерин ачыңыз
2. Атайын мүмкүнчүлүктөр функциясын таптаңыз
3. Кайсы функцияны колдонгуңуз келгенине жараша Тике транскрипциялоо же Үн билдирмелерин таптаңыз
Ошондой эле Тике транскрипциялоо же Үн билдирмелерин иштетүү үчүн атайын мүмкүнчүлүктөр баскычын, жаңсоону же Ыкчам жөндөөлөрдү колдонсоңуз болот (
https://g.co/a11y/shortcutsFAQ).
Дароо транскрипциялоо• Сүйлөшүү интерфейсинин жаңы дизайны менен сүйлөшүү оңой жана ыңгайлуу болот.
• 80 ашуун тилде жана диалектте дароо транскрипциялаңыз. Көп колдонгон сөздөрүңүздү, мисалды, үйдөгү нерселердин аталыштарын сөздүккө кошуп койсоңуз болот.
• Кимдир бирөө атыңызды атаганда, телефонуңуз дирилдеп билдире тургандай кылып тууралап алсаңыз болот.
• Маектешиңизге жазып жооп берсеңиз да болот.
• Мыкты сапатта транскрипциялоо үчүн зымдуу жана Bluetooth гарнитуралары, ошондой эле USB микрофондору сыяктуу тышкы микрофонду колдонсоңуз болот.
• Бүктөлмө телефондордо транскрипцияларды жана терилген жоопторду экрандан сырткары көрсөтүп, башкалар менен оңой баарлаша аласыз.
• Транскрипцияларды түзмөгүңүздө 3 күнгө чейин сактасаңыз болот. Сакталган транскрипцияларды 3 күндүн ичинде каалаган жерге көчүрүп алсаңыз болот. Демейки шартта сакталбайт.
Үн билдирмелери• Айланаңызда маанилүү добуштар чыкканда, мисалы, түтүн сигнализациясы иштеп же балаңыз ыйлаганда билдирме аласыз.
• Тиричилик шаймандарынын өзүнүн үндөрүн кошсоңуз болот.
• Айланаңызда эмне болуп жатканын текшерүү үчүн акыркы 12 сааттагы үндөрдү карап чыгыңыз.
Талаптар:• Android 12 жана андан кийинки версиялар
Тике транскрипциялоо жана үн билдирмелери АКШ'дагы кулагы укпаган же начар уккан студенттерди окуткан Галлодет университети менен кызматташтыкта иштелип чыккан.
Жардам жана пикир билдирүү• Пикир билдирип, кызматтын жаңыртууларын алуу үчүн Жеткиликтүү Google тобуна кошулуңуз:
https://g.co/a11y/forum• Тике транскрипциялоо жана үн билдирмелерин колдонуу боюнча жардам алуу үчүн
https://g.co/disabilitysupport бөлүмү менен байланышыңыз.
Уруксаттарды тескөөМикрофон: Оозеки кепти текстке айландыруу үчүн Тике транскрипциялоо колдонмосуна жана Үн билдирмелери функциясына микрофон талап кылынат. Транскрипциялар же добуштар иштелип бүткөндөн кийин, аудио сакталбайт.
Билдирмелер: Добуштар тууралуу кабарлап туруу үчүн Үн билдирмелери функциялары билдирмелерге кирүүгө уруксат алышы керек.
Жакын жердеги түзмөктөр: Bluetooth түзмөктөрүнө туташып, алардын микрофонун колдонуу үчүн Тике транскрипциялоо колдонмосуна жакын жердеги түзмөктөрдү пайдаланууга уруксат берүү керек.
Майыптарга арналган кызмат: Үн билдирмелери фондо добушту аныктоо кызматын иштетүү жана түзмөктөгү атайын мүмкүнчүлүктөр баскычы же жаңсоо аркылуу ыкчам ачуу мүмкүнчүлүгүн иштетүү үчүн Accessibility Service API'cин колдонот. Бул API экрандагы контентти же жеке маалыматты окуу, чогултуу же сактоо үчүн колдонулбайт.