Яндекс Про (Таксометр)

3,7
911 миң сын-пикир
10 млн+
жолу жүктөлүп алынды
Мазмун рейтинги
Баары
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү

Колдонмо тууралуу

Ийкемдүүлүктүн пайдасын көрүңүз

Яндекс Про (Таксометр) айдоочуларга күндө ийкемдүү иштөөгө мүмкүндүк берет. Сиз Бишкекте же Ошто иштеп жатканда, колдонмо буйрутмаларды сунуштап турат, а түгүл сиз мурунку буйрутманы аяктап жатканда да же үйгө кайтып баратканда да сунуштайт.

Ишке тез киришиңиз

Колдонмону жүктөп алып, системага катталыңыз. Билдирме жөнөтүүдөн системаны колдонуп баштоого чейинки процесс тез өтөт. Ошондой эле, биз бардык керектүү документтерди тийиштүү тартипте алуу жана Яндекс Про (Таксометр) колдонмосу менен иштегенди үйрөтүү боюнча консультацияларды сунуштайбыз. Андан соң, сиз линияда иштеп жатканда Яндекс Про (Таксометр) сизге суроо-талап жогору болгон аймактарды сунуштайт.

Жөнөкөйлүк жана ачыктык
Яндекс Таксинин тез иштеп баштоо процессинин жардамы менен убакыт үнөмдөңүз. Яндекс Таксинин өнөктөш таксопарктары менен кызматташып, мыкты иштегениңиз үчүн бонустарга ээ болуудан, Яндекстин алгоритмдери аркылуу чоң кирешелүү буйрутмаларды оңой алуудан жана иштин айкындуулугунан ыракат алыңыз.

Ар дайым кардарларыңыз бар болот

Кардарларды издөөнүн кереги жок — сервис өзү сизге эң жакын буйрутмаларды сунуштайт. Яндекс Про (Таксометр) буйрутмаларды айдоочу линияда иштеп жатканда ал эң көп киреше таба алгандай жана бош жүрбөгөндөй кылып бөлүштүрөт.


Жаңы «Жеткирүү» кызматы
«Жеткирүү» — бул чакан жүктөрдү жүргүнчүсүз ташуу. Сиз үчүн ал дагы бир тариф катары иштейт. «Жеткирүүнүн» аркасы менен буйрутмалар көбүрөөк болот, ал эми айдоочулар жүргүнчүлөрдөн бир аз эс алып алышат — мисалы, жакшы көргөн музыканын үнүн катуу чоңойтуп алса болот.


Яндекс Картыны жана Яндекс Навигаторду колдонуңуз

Яндекс Картынын негизинде иштеген акысыз Яндекс Навигаторду колдонуп, кардарларды бара турчу жерлерине эң кыска убакытта жеткириңиз. Мисалы, эгер сиз аэропортко бара жаткан болсоңуз, Яндекс Навигатор сизге автоматтык түрдө жолду көрсөтүп, инструкцияларды берип турат.

Чоң кирешелүү буйрутмаларды картада көрүңүз

Яндекс Про (Таксометр) такси кызматына эң чоң суроо-талап жаралган жерлерди, мисалы Кыргызстандагы эл көп жүргөн көчөлөрдү, же Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропорттор сыяктуу пункттарды картада көрсөтөт. Чоң суроо-талап жаралганда кымбат тарифтер колдонулат дегенди түшүндүрөт, демек бул жерлерде берилген буйрутмалар үчүн сапар акылары жогорураак болот.

Айкын киреше

Яндекс Про (Таксометр) сиз ар бир буйрутмадан канча акча иштеп тапканыңызды жана жумасына канча киреше тапканыңызды көрсөтөт. Такси кызматындагы отчёттор сыяктуу, бирок бир аз башкачараак.

Яндекс Таксинин айдоочулары Орусия, Армения, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Литва, Өзбекстан жана Сербиянын 100дөн ашуун чоң шаарларында таксометрди колдонушат.
Качан жаңырды
2024-ж., 26-апр.

Маалыматтардын коопсуздугу

Коопсуздук дегенде колдонмонун маалыматты кантип топтоп, аны үчүнчү тараптар менен кантип бөлүшө турганын түшүнүү керек. Маалыматтардын купуялыгы жана коопсуздугу колдонмоңуздун иштетилишине, жүргөн аймагыңызга жана курагыңызга жараша болот. Маалыматты иштеп чыгуучу берип, маал-маалы менен жаңырып турат.
Үчүнчү тараптар менен маалымат бөлүшүлбөйт
Иштеп чыгуучулар маалыматтардын бөлүшүлүшү жөнүндө кантип кабар берерин билип алыңыз
Бул колдонмо маалыматтардын мындай түрлөрүн топтошу мүмкүн
Жайгашкан жер, Жеке маалымат жана дагы 8
Маалымат шифрленип өткөрүлөт
Ал маалыматты өчүрүүнү сурана аласыз

Баалар жана сын-пикирлер

3,7
885 миң сын-пикир
Kanybek Sherbaliev
2021-ж., 18-август
Норм
3 адам бул сын-пикирди пайдалуу деп белгиледи
улан мухтаров
2022-ж., 20-январь
Пасатка качан которот болдукен которсо 10 жылдыз басмакмын
3 адам бул сын-пикирди пайдалуу деп белгиледи
Google колдонуучусу
2020-ж., 28-январь
Соонун
2 адам бул сын-пикирди пайдалуу деп белгиледи