Google'дун Кардарларды тейлөө кызматы (GSS) колдонмосу Android түзмөгүңүздүн экранын Google'дун Кардарларды тейлөө кызматынын агенти менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатканда бөлүшүүгө мүмкүндүк берет. Түзмөгүңүздөгү GSS аркылуу агент түзмөгүңүздүн экранын көрүп турат, андагы көрсөтмөлөрдү аткарып, көйгөйүңүздү тез жана оңой чечүүгө жардам берет. Экранды бөлүшүп жатканда, агент түзмөгүңүздү башкара албайт, бирок андагы көрсөтмөлөрдү көрүп, аларды сизге түшүндүрүп бере алат. Сиз каалаган убакта экранды бөлүшүүнү токтотуп койсоңуз же тындырсаңыз болот.
Бул колдонмо Pixel түзмөктөрүндө жана Android 7.1.1 же андан кийинки версиясы жеткиликтүү болгон Nexus түзмөктөрүндө алдын ала орнотулган; ошондой эле, аны Android 5.0 же андан кийинки версиясы орнотулган көпчүлүк түзмөктөргө орнотууга болот. Бул колдонмо өз алдынча иштебейт, ал Google'дун Кардарларды тейлөө кызматынын агенти колдонуучуга экранын бөлүшүүгө чакыруу жөнөткөндө гана колдонулат.
Качан жаңырды
2022-ж., 31-окт.