Үн күчөткүчтүн жардамы менен кулагы начар уккан адамдар Android телефону жана бир жуп гарнитура аркылуу айланадагы үндөрдү таанып, башкалар менен баарлаша алышат. Бул колдонмо айланадагы ашыкча үндөрдү басаңдатып, керектүү үндөрдү катуулатып, күчөтөт.
Android 8.1 жана андан кийинки версиядагы түзмөктөрдө иштейт. Үн күчөткүчтү колдонуп баштоо үчүн, гарнитураңызды туташтырып, Тууралоолордон > Атайын мүмкүнчүлүктөр > Үн күчөткүчтү күйгүзүңүз.
Функциялар• Кепти жакшыраак таануу үчүн керексиз үндөрдү азайтыңыз.
• Сүйлөшүү режими аркылуу ызы-чуу жерде сүйлөп жаткан адамдын үнүн дааналата аласыз. (Pixel 3 жана андан жогору версияларда жеткиликтүү).
• Сүйлөшүү, сыналгы же лекцияларды угуңуз. Алыскы аудио булактары үчүн Bluetooth гарнитурасын колдонуу сунушталат. (Bluetooth гарнитурасында үн бир аз кечигип угулушу мүмкүн).
• Түзмөгүңүздө ойноп жаткан медианы же айланадагы сүйлөшүүнү жакшыраак угуу үчүн параметрлерди тууралаңыз. Ызы-чууну азайтып, төмөнкү жыштыкты, жогорку жыштыкты же акырын чыккан үндөрдү жогорулата аласыз. Параметрлериңизди эки кулакка же ар бир кулакка өзүнчө орнотуңуз.
• Атайын мүмкүнчүлүктөр баскычы, жаңсоо же Ыкчам тууралоолор аркылуу Үн күчөткүчтү күйгүзүп жана өчүрүңүз. Атайын мүмкүнчүлүктөр баскычы, жаңсоо жана Ыкчам тууралоолор тууралуу кеңири маалымат:
https://support.google.com/accessibility/android/answer/7650693• Үн күчөткүчтү колдонмолордун тизмесине кошуп, аны оңой ачыңыз. Үн күчөткүчтүн тууралоолоруна өтүп, “Сүрөтчөнү колдонмолор тизмесинде көрсөтүү” параметрин күйгүзүңүз.
Талаптар• Android 8.1 жана андан кийинки версияларда жеткиликтүү.
• Android түзмөгүңүздү гарнитура менен жупташтырыңыз.
• Сүйлөшүү режими учурда Pixel 3 жана андан жогору версиядагы түзмөктөрдө жеткиликтүү.
Үн күчөткүч тууралуу пикириңизди төмөнкү дарекке жөнөтүңүз: sound-amplifier-help@google.com. Үн күчөткүчтү колдонуу боюнча жардам алуу үчүн
https://g.co/disabilitysupport бөлүмүнөн биз менен байланышыңыз.
Уруксаттар жөнүндө эскертүү•
Микрофон: Аудиону иштетүү, күчөтүү жана чыпкалоо үчүн микрофонго кирүү мүмкүнчүлүгү керек. Маалымат топтолбойт же сакталбайт.
•
Атайын мүмкүнчүлүктөр кызматы: Бул колдонмо аракеттериңизге көз салып, терезелердеги нерселерди окуп, терип жаткан текстти көрүп турат.